Темгилдүүлүк (айыл чарба өсүмдүгүндө) - өсүмдүктүн сабагында, жалбырагында, мөмөсүндө өлүү клеткалардан пайда болуучу темгилдүү илдет; көп учурда некроз болот.

Ал өсүмдүккө азык зат жетишпегендиктен, аба булгангандан, күйүктөн, патогендүү козу карын жана бактерия илдетинен пайда болот. Темгилдүүлүктүн козгогучу ткандын арасына тарап, өсүмдүктө механикалык жана хим. тоскоолго учурайт. Механикалык тоскоолдо соо жана бузук ткандын ортосуна катуу катмар түзүлөт да, инфекцияны таратпайт. Химиялык тоскоолдо илдеттүү жана таза ткандын ортосунда митенин уулуу заты топтолот. Өсүмдүктүн коргонуу реакциясы күчтүү болсо, илдет козгогуч өспөйт, өсүмдүккө бир аз темгил түшөт. Патогендүү козу карын Темгилдүүлүкүндө өсүмдүктү ар кыл түстүү жана формалуу кургак темгил басат. Илдет күчөгөндө өсүмдүктүн жалбырагы, мөмөсү күбүлүп, сабагы солуй баштайт. Түшүм азаят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.