Темин бастыруу
Темин бастыруу, кырман басуу – бышып жетилген эгиндин данын унаа (ат, өгүз, эшек) менен тебелетип, бакалынан ажыратып алуу ыкмасы. Темин басуу үчүн кырмандын ортосуна чамберек кийгизилген мамы орнотулуп, орулган эгин (арпа, буудай, таруу, конок ж. б.) кырманга чачылгандан кийин үстүнөн 3–4 унаа кошоктолуп, тегерете айдалган. Кийинчерээк эгин бастырууну тездетүү үчүн моло таш колдонула баштаган.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9