Темирова Асипа (1909, азыркы Нарын облусу, Кочкор району, Кум-Дөбө кыштагы – 1981, ошол эле район, Кара-Тоо кыштагы) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957)[1]. Кыргыз ССРинин мал чарбасына эмгек сиңирген устат (1947). 1928–38-жылдары жана 1951–70-жылдары Кочкор районундагы «Кочкор» совхозунда баш чабан болуп иштеген. 1938–42-жылдары совхоздун директорунун орун басары, 1942–51-жылдары совхоздун «Арсы» фермасын башкарган. 1956-ж. ар жүз койдон 160дан козу, ар койдон 4 кгдан жүн алган. 1959– 63-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Эки Ленин, «Ардак белгиси» ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. Указ Президиума Верховного Совета СССР «О присвоении звания Героя Социалистического Труда колхозникам, колхозницам, работникам машиннотракторных станций и совхозов, партийным и советским работникам Киргизской ССР». Текшерилген күнү 11 -март (жалган куран) 2017. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.