Темир-бетон – бетон менен болот арматура уютулуп бириктирилген жана экөөнө тен бирдей күч келе турган курулуш материалы. 1867-ж. француз ойлоп табуучусу Жозеф Монье ойлоп тапкан. Темир-бетондо бетон кысуу күчүнө, ал эми болот арматура керүү (чоюу) күчүнө туруштук берет. Касиеттери ар түрдүү материалдардын бири бирине айкалыштырылып уютулуп бириктирилиши өтө натыйжалуу болот. Каткан бетон болот арматураны бекем кармап, коррозиядан сактайт. Алардын физикалык-механикалык касиеттери жылуулуктан жана сууктуктан дээрлик өзгөрбөйт.

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү