"Темир адам 2" (англ. Iron Man 2, орус. Железный человек 2) — Marvel комикстериндеги каарман Темир адамга негизделип 2010-жылы тартылган Американын суперкаармандык тууралуу тасмасы. Продюсери Marvel Studios жана жайылтуучу компания Paramount Pictures.1 Бул "Темир адам" (2008) тасмасынын уландысы болуп саналат жана Marvel киноааламындагы 3-кинофильм. Режиссеру Жон Фавро, сценарийдин автору Жастин Теру. Тасмага ролдорду аткаргандар Роберт Дауни кичүүсү, Гвинет Пэлтроу, Дон Чидл, Скарлетт Йоханссон, Сэм Рокуэлл, Микки Рурк, Сэмюэл Л. Жексон. "Темир адамдагы" окуялардан алты ай өткөн соң Тони Старк АКШ өкмөтүнө Темир адамдын технологиясын өткөрүп берүүдөн баш тартып туруп алат. Бир тараптан арк реактордон ден соолугу жабыр тартып, көкүрөгүндөгү оору менен алпурушууга туура келет. Ошол эле учурда алдамчы орус окумуштуусу Иван Ванко да ушундай технологияны иштеп чыгып, Старк үй-бүлөсүнөн кан өчүн алыш үчүн Старктын атаандашы Жастин Хаммер менен биригип алып өз алдынча курал жасайт.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү