Темир жол – поезд жүрүүчү рельстүү жол; жүргүнчү жана жүк ташуучу бардык техникалык каражаттары бар комплекстүү транспорттук ишкана. Өлкөнүн темир жол тармагы өнөр-жай комплексинин өнүгүшүн аныктай турган, саясий мааниге ээ, мамлекеттик аскердик-стратегиялык милдеттерди камсыз кылуучу эң маанилүү коммуникациялардын бири. Темир жолдун негизги техникалык каражаттары: кыймылдуу состав (локомотив жана вагон), рельс жолу, жасалма курулмалар (көпүрө, эстакада, виадук), станциялар жана түйүндөр, автоматика жана телемеханика каражаттары (сигналдаштыруу, борбордоштуруу жана блокировка), имараттар (депо, устакана, вокзалдар) ж. б. Арналышы боюнча Темир жол: жалпы пайдаланылма; өнөр-жай транспорту (өнөр-жай ишканаларынын жана уюмдарынын негизги жолго кошулуучу тармагы, анын ичинде карагай, тоо-кен ташуучу, заводго барчу ж. б. жолдор); шаар жолдору (трамвай жана метрополитен); колеянын эни боюнча – кең жана кууш колеялуу; тартуу күчүнүн түрү боюнча – электрдик, газ турбиналуу жана буу кыймылдаткычтуу болуп айырмаланат. Кыргызстанда темир жол тармагынын узундугу 371 кмди түзөт (2013).

2022-жылга карата дүйнөлүк темир жол тармагынын картасы

Колдонулган адабияттар түзөтүү