Башбаракты ачуу

Темир кен таштары – курамында казып алууга экономикалык жана тектоникалык жактан арзырлык өлчөмдө темир жана анын бирикмелери бар минералдардын табигый чогундусу. Негизги кен таш минералдары: магнетит, магномагнатит, титанмагнетит, гематит, гидрогематит, гетит, гидрогетит, сидерит ж. б. Өнөр-жайлык маанидеги кен ташта Fe 16—70% өлчөмүндө болот. Темир кен таштары пайда болуу шартына карай эндоген, экзоген, метоморфоген кендерине бөлүнөт. Эндоген кендерине: 1) магма кендери – габбро-пироксенит тектериндеги титан-магнетиттин дайка, кабат сымал катмарлары; сиенит, сиенит-диориттердеги апатитмагнетит катмарлары; 2) скарн кендери интрузия массивдерине чектеш же ага жакын жерлердеги (скарндардагы) ар кандай татаал формадагы магнетит кен таштары; 3) гидротерм кендери - минералдуу ысык эриндилерден пайда болгон сидерит, гидрогетит-сидерит кен таштары кирет. Экзоген кендери: 1) чөкмө кендер – деңиз менен көл сууларындагы темир бирикмелеринин химиялык жана механикалык түрдө суу түбүнө чөгүндүсү; күрөң темир, сидерит, силикат кен таштарынын чөкмө жанартоо-чөкмө тектердин арасындагы катмарлары; 2) үбөлөнүү кыртыш кендери – темирлүү минералдардан түзүлгөн тоо тектердин үбөлөнүп талкаланышынан гематитмартит, магнетиттүү кум, «темир калпак» ж. б. кен таштын өз ордунда же башка жерге ооп барып топтолушу. Метаморфоген (метаморфизмделген) кендери негизинен мурдагы экзоген (айрыкча чөкмө) кендеринин жогорку басым жана температура шартында өзгөрүлүшүнөн келип чыгат да, темирлүү кварцит, жеспилит, темирлүү роговик, магнетит, гематит, силикат жана карбонат кен таштарынан турат. Өнөр-жайлык маанидеги кен таш түзүүчү негизги минералына карай Темир кен таштары бир нече түргө бөлүнөт: күрөң темир (негизги минералын гидрогетит, гётит, шамозит ж. б. Fe 55% ке чейин), гематиттүү кен таш (гематит, Fe 60%), магнетиттүү кен таш (магнетит, мартит, магнезиоферрит, магномагнетит, Fe 60%), сидериттүү кен таш (сидерит, Fe 35%), силикаттуу темир кен таш (темирлүү хлорит, Fe 40%), темирлүү кварцит (гематит, магнетит, мартит, Fe 36%). Запасы жана казып алынышы боюнча метаморфоген Темир кен таштары башкы орунду ээлейт. Алар дүйнөдөгү казып алынган Темир кен таштарынын 70% ин түзөт жана байыркы тоо тектерде топтолгон. Ири кендери Россияда (Кривой Рог), Индияда (Майсур) ж. б. Темир кен таштарынын 25% и экзоген кендеринен казып алынат. Кыргызстанда Жетим темир кен таш бассейни Темир кен таштарынын ушул тибине кирет. Темир кен таштарынын 5% эндоген кендеринен казып алынат. Кендери Россияда (Кусин, Курск магнит аномалиясы), Швецияда (Кируна жана Елливаре), АКШда (Айрон-Спрингс) ж. б. Темир кен таштарынын көбү негизинен чоюн, болот жана феррокуйма алуу үчүн пайдаланылат. Кыргызстанда ондогон темир кендери бар; ирилери: Надыр (Кадамжай району), Бала-Чычкан (Талас), Жетим (Нарын), Каба (Ала-Бука), Төмөнкү Кемин (Кемин району) ж. б.

Колдонулган адабияттарОңдоо