Темп (лат. tempus – убакыт) – музыкалык чыгарманын аткарылыш ылдамдыгынын көрсөткүчү. Адегенде Темп нотада көрсөтүлбөгөндүктөн музыка мазмунуна жараша аткарылган. 17-кылымдан атайын итал. терминдер менен атала баштаган (мисалы, ларго, ленто, адажио – жай; анданте, модерато – орто, салмактуу; аллегро, виваче, престо – ыкчам). Кээде Темп музыкалык чыгарманын жанрына тийиштүү да айтылат (мисалы, вальс темпинде ж. б.). Метроном Темпти так аныктоого мүмкүндүк берет. Ошентсе да ал аткаруучу үчүн көрсөткүч катары кызмат кылат, анткени аткаруучу өз жөндөмүнө жараша Темптин ыргагын бир аз өзгөртүшү ыктымал. Кыргыз композиторлору Темптин кыргызча аталышын (мисалы, жай, ыкчам ж. б.) колдонушат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү