Темпера (италянча tempera; «тэмпера» деп айтылат) – темпера живописи үчүн боёк материал. Негизги өзгөчөлүгү анын суулуу клей эритиндиси менен майлуу лак же май кошундуларынан турган, байланыштыргыч заттардын эмульсиялык курамы. Темпера жумурткадан жасалган, казеин, гуммиарабикалык болуп бөлүнөт. Темпера боёктору менен аткарылган живопись техникасы Т. деп аталат. Казеин Т-сы (өзүнөн бекемдиги жана кээ бир касиеттери менен мыкты майлуу живопись сыяктуу, ошол эле кыл калем менен, ошол негиздин ар түрлөрүндө, ошол эле боёк кыртышында бөлүп аткарылат. Өзүнүн касиеттери менен гуашка жакын, гуммиарабика Т-сына карама-каршы казеин Т-сы жука катмарлуу, паста сымал болот, лессировкага эркин жол берет, суу менен жуулуп кетпейт. Бардык Т. бозомтук живописти берет жана кургаганда агарат. Анын боёктору майлуу боёктордон ачык, карарбайт жана саргарбайт. Т-нын (айрыкча паста сымал) кемчилиги боёк тез катат да, боёк ката электе иштелчү иштер дээрлик иштелбейт. Жумуртка Т-сы бир кезде абдан кеңири тараган, ал эми азыр болсо аз колдонулат (мисалы, байыркы орус көркөм искусствосунда бул техниканын үлгүсү палех лактарында сакталып калган).

Колдонулган адабияттар түзөтүү