Тензор – берилген геометриялык (же физикалык) конструкцияны аныктоочу жана бир координата системасынан экинчисине өткөндө кандайдыр бир жөнөкөй закон боюнча өзгөрүүчү чондуктардын системасы. Тензорлордун арасындагы катыштар (амалдар) координаталар системасына көз каранды болбогон геометриялык (же физикалык) фактыны аныктайт. Тензорду көп вектордук аргументтүү скалярдык сызыктуу функция аркылуу аныктоого болот. Бул сызыктуу функциянын көз каранды эмес аргументтеринин саны Тензордун валенттүүлүгү (тартиби) деп аталат. Мындан бир валенттүү Тензор вектор болот. Тензор эки мааниде колдонулат: 1) бул түшүнүк закон боюнча өзгөртүп түзүлүүчү өзгөчө чоңдуктарга гана таандык болуп, Тензордук эсептөөдө кенири колдонулат; 2) механикада, айрыкча серпилгичтик теориясында сызыктуу оператордун синоними катары кенири колдонулат, «Тензор» термининин алгачкы мааниси серпилгич деформация учурундагы созулууга (кысылууга) байланыштуу болгон. Кийин ал термин механиканын башка бөлүктөрүнө таралып, инерция Тензору, деформация Тензору, чыңалуу Тензорлору ж. б. деп аталып кеткен. Тензор геометрияда, механикада, теориялык физикада, космос теориясында көп колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү