Теодолитгеодезиялык жумуштарды (топографиялык, маркшейдерлик ж. б.) жүргүзүүдө багытты, вертикаль жана горизонталь бурчтарды аныктоочу геодезиялык аспап. Негизги жумушчу чени – градуска жана майда бөлүктөргө бөлүнгөн вертикаль жана горизонталь (лимбден) тегеректерден турат; тегеректерге алидада бекитилет. Көз менен карай турган түтүктүн жана вертикаль тегеректин горизонталь боюнча айлануучу огу алидаданын астындагы таканчыкка барып такалат. 20-кылымдын ортосуна чейин верьнер же микроскоп-микрометрдүү эсептегич металл тегерекчелүү Теодолит колдонулган. 20-ж. оптикалык эсептегич менен жабдылган айнек тегерекчелүү Теодолит колдонула баштаган. Теодолит көп учурда ар түрдүү кошумча шаймандар (ориентирлөөчү буссоль, нокоттоочу марка ж. б.) менен жабдылат. Азыркы кезде гиротеодолит, фотокинотеодолит жана тахеометр Теодолиттери колдонулат. Теодолит геодезиялык, топографафмиялык, маркшейдерлик сьёмкаларда, астрономиялык ж. б. инженердик иштерде кеңири колдонулат.

Теодолит (1950).

Колдонулган адабияттар түзөтүү