Теодоракис Микис (29. 7. 1925-ж. т., Хиос а.) - грек композитору жана коомдук ишмер.

  • Каршылык көрсөтүү кыймылына катышканы үчүн концлагерге камалган (1948-49).
  • 1950-ж. Афины консерваториясынын композиция классын бүткөн.
  • 1953-59-ж. билимин Париждө өркүндөткөн.
  • 1959-ж. Грецияга келип, Жалпы демократиялык партиядан парламентке депутат (1964-67) болгон. 1967-ж. аскер теңкөрүшүнөн кийин камалып, 1968-ж. дүйнөлүк коомчулуктун кысымы менен бошотулган.
  • 1970-жылдан Францияда иштеп, 1974-ж. Грецияга кайтып келген.
  • Теодоракис - симф., камералык чыгармалардын, ыр, бийлердин автору.
  • Теодоракистин «Периштелер кварталы» операсы, «Орфей жана Эвридика», «Антигона», «Өлгөн ага жөнүндө ыр» балеттери, спектаклдерге жана кинофильмдерге жазган музыкалары, вокалдык чыгармалары бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.