Теориялык социология (грекче therta – байкоо, изилдөө, латынча societas – коом, грекче logos – илим) – коомдук еистеманын, анын институттарынын, уюмдарынын, топторунун, алардын ишаракеттеринин, өз ара мамилелеринин өнүгүш процесстери жана мыйзам ченемдүүлүктөрү жөнүндө илим. Теориялык социология коомдук турмуштун ар кандай чөйрөсүн изилдейт. Теориялык социология илимий таанып-билүү, дүйнөгө карата көз караш, гуманитардык, идеологиялык, саясий маалыматтык (информациялык), коммуникативдик, активдүүлүк, сыноочулук, башкаруучулук прогноздук (илимий божомол), прикладдык (колдонмо) социологиялык өңдүү функцияларды аткарат. Теориялык социологияда илимий прикладдык (колдонмо) социология жана анын методдору – ыкмалары, жолдору (оозеки, басма сөз, радио, телевидение, интернет, анкеталык сурамжылоо, интервью алуу, маектешүү, байкоо жүргүзүү, документтерди талдоо, тексттерди топтоштуруу ж. б.) аркылуу изилденип анализденет жана так конкреттүү корутундулар чыгарылып, ага практикалык кеңештер, сунуштар берилет. Теориялык социология – дүйнөдөгү жаңы илимдердин бири. 1942-ж. француз окумуштуусу О. Конт тарабынан сунушталган. Азыркы учурда социология дүйнөнүн 100гө жакын өлкөсүндө тараган. Ал Кыргызстанда 20-кылымдын 60-жылдары пайда болгон. Алгачкы социологиялык лаборатория 1966-ж. Ж. Баласагун атындагы КУУда окумуштуу-философ A. Т. Табалдиев тарабынан уюштурулган. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын бардык ЖОЖдорунда, мекемелерде, уюмдарда, ишканаларда социологиялык лабораториялар, атайын коомдук пикирлерди изилдөө боюнча Республикалык борбор иштейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү