Теория менен практиканын байланышы

Теория менен практиканын байланышыокутуу процессинин психологиялык–дидактикалык негизги принциптеринин бири. Окутуудагы теория жана практика бул дүңүнөн алынган таанып билүү процессинин бири-биринен ажырагыс, терең байланыштагы эки жагы, компоненттери. Өздөштүрүлүүгө тийиш болгон билимдердин системасы катарында теория, түшүнүктөр, закон ченемдүүлүктөр жана формулалар түрүндө, тигил же бул деңгээлде ар бир окуу предметинин структурасын түзөт.

Теория менен практиканын кызматтары жана байланыштары түзөтүү

Теория менен практиканын байланышы биринчиден, практика каалагандай теориянын, ар кандай илимдин башаты, соолубас булагы катарында кызмат кылгандыгы менен шартталат. Илим адам баласынын дүйнөнү таанып-билүү зарылчылыгы менен пайда болуп, калыптанып, анын андан ары өсүп-өнүгүшүнө да өбөлгө түзөт. Ушуга окшош эле, окутуу процессинде практика, окуучулар үчүн жаңылык болгон түшүнүктөрдү жана законченемдүүлүктөрдү окуп үйрөнүүнүн алгачкы, башталыш пункту катарында да кызмат кыла алат. Бул максатта окуучулардын турмуштук тажрыйбасы, алар аткарган эксперименттик же лабораториялык иштердин жыйынтыктары, ошондой эле практиканын жана өндүрүштүн талаптарынан улам келип чыккан илимдеги ири ачылыштар жөнүндөгү мугалимдин аңгемеси жана башка пайдаланышы мүмкүн.
Теория менен практиканын байланышы экинчиден, ар кандай теориянын толук кандуулугунун чен өлчөмү практика экендиги менен аныкталат. Ушуга байланыштуу, окутуу процессинде, мазмундук мүмкүнчүлүктөрдүн пайда болушуна жараша, теориялык мүнөздөгү тигил же бул маалыматтардын чындык экендигине эксперименттин, атайылап түзүлгөн тапшырмаларды аткаруунун жана башка натыйжаларына таянуу аркылуу окуучуларды ынандыруу максатка ылайыктуу.
Теория менен практиканын байланышы үчүнчүдөн, практика менен теорияны колдонуунун, пайдалануунун сферасы болгондугунда турат. Практикалык ар түрдүү билимдерди кеңири колдонуу белгилүү деңгээлде, теориялык илим-билимдин өзүнүн байышына, кеңейишине гана алып келбестен, ошону менен бирге эле анын чыныгы түрдө жалпыланышына жана ийкемдүү болушуна да шарт түзөт.

Байланыштарынын формалары түзөтүү

Теория менен практиканын байланышы конкреттүү формалары жана окуучулардын акыл-иш аракеттеринде алардын өз ара айкалыштырылышы жана бул максатта колдонулган методикалык каражаттар ар түрдүү болушу мүмкүн экендиги түшүнүктүү.
Жыйынтыктап айтканда, билим алуунун жүрүшүндө, окуучу илим-билимдердин негиздерин өздөштүрүү менен гана чектелбестен, ошону менен бирге эле, аларды практикалык иш-аракеттерди аткарууда эффективдүү пайдалана билүүнүн тиешелүү жолдорун өздөштүргөнү абзел.
Мында тиешелүү түрдө, чыныгы эмгектенүү менен тыгыз байланышта болгон машыгууларды калыптандыруунун мааниси чоң экендиги талашсыз. Ошол эле учурда практикалык мүнөздөгү маселелерди чечүү, окуучулар үчүн жаңы теориялык окуу материалдарын өздөштүрүүгө сүңгүп кирүүнүн, айлана–чөйрөгө карата таанып-билүү кызыгуусунун пайда болушунун жана калыптанышынын булагы болуп калганы жөндүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004.