Теофраст
Теофраст, Феофраст (биздин заманга чейин 370–288, 285) – байыркы грек философу жана окумуштуусу, перипатетик мектебинин ири өкүлү; Аристотелдин досу жана кызматкери, 322-жылдан баштап өмүрүнүн акырына чейин Ликейдин схолархы. Теофрасттын өмүр баяны Диоген Лаэритийде баяндалган. Диоген Теофрасттын эмгектеринин 4 каталогун сактаган. Алар биринчи жолу Александрия китепканасында түзүлгөн.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/7/79/Theophrastus.jpg/170px-Theophrastus.jpg)
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/9/9b/Theophrastus_-_Historia_plantarum%2C_1549_-_3034262.tif/lossy-page1-170px-Theophrastus_-_Historia_plantarum%2C_1549_-_3034262.tif.jpg)
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8