Тепличный, Сузак району
Тепличный, Сузак району – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Таш-Булак айыл аймагына караштуу. Көгарт суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 760 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 8 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 7 км. Калкы 1000ге чукул (2011); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Кыштак 1986–90-жылдары таштак жерлерди өздөштүрүп, жылытма (теплица) кургандар үчүн атайын салынган айыл. Мончо, соода жайлары бар.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9