Теплоухов Сергей Александрович

Теплоухов Сергей Александрович. Орус тарыхчысы, археолог, этнограф, чыгыштаануучу, сибирь таануучу катары илимге белгилүү. Окумуштуунун калтырган илимий сунуштары, көз караштары, пикирлери жана тыянактары кийинки археология, этнография ж.б. илимдердин өнүгүүсүнө зор таасирин тийгизди. Сергей Александрович Теплоухов 1888-ж. Пермь губерниясынын Пермь уездиндеги Ильин кыштагында аймактык токой башкармачылыгын жетекчисинин үй бүлөсүндө туулган. С.А.Теплоухов илимге тиешеси бар тукумдан чыккан. Анын чоң атасы крепостнойлуктан бошотулуп Петербург, Дрезден шаарларынан билим алган. Ал узак жылдар бою жүргөн мамлекеттик кызматтан соң илим менен, анын чинде тарых, этнография, археология менен алектене баштаган. С.А.Теплоухов балалык мезгилден чоң атасынын үйдөгү жыйган археологиялык экспонаттарга көңүлү тартылып, бул жолду уламакчы болот. Арийне, бул үй бүлөнүн башка мүчөлөрү да тарыхты, өзгөчө археологияны сүйүшөр эле. 1907-ж. Пермдеги реалдуу училищени аяктагандан соң, Казань университетинин физика-математика факультетинин табигый илимдер бөлүмүнө окууга кирет. Студенттик мезгилде орнитология жана палеоэтнология менен шугулданганы анын кийинки археолог-тарыхчы катары калыптануусуна түрткү берген. Антропология адистигин тандап алган С.А.Теплоухов Б.Ф.Адлердин ж.б. тапшыруусу менен финндердин тегинин Саян-Алтай тарапта деген гипотезаны изилдеш үчүн 1913-ж. Урянхай аймагына жиберилген. 1913-ж. Тувага уюштурулган антропологиялык экспедицияны жетектейт. Натыйжада, М.А.Кастрендин Саян-Алтай аймагы финндердин түпкү мекени деген гипотезасына чекит коюлат. Ошол эле учурда көп сандаган коллекция жыйнаган эле. 1914-ж. Санкт-Петербургга жөнөтүлүп, 1917-ж. чейин Урал ж.б. аймактар менен иш алып барат. 1917-ж. Урал түрктөрү, анын ичинде башкырларды изилдей баштаган. Граждандык согуш учурунда Томск шаарында археолог С.И.Руденко менен таанышып калат. Ал С.А.Теплоуховду Минусинск аймагына жиберет. 1925-ж. ар жылы Минусинк крайында болуп археологиялык казуу иштерин жүргүзгөн. Ошол эле жылдары Кыргызстанда, Ысык-Көл котловинасында болуп, тарыхый эстеликтерди каттоого алып окуп-үйрөнгөн. 1925-ж. П.К.Козловдун жетекчилиги менен Ноин-Уладагы хуннуларга таандык эстеликте казуу иштерин жүргүзүшкөн. 1920-ж. баштап Томск университетинин археологиялык-географиялык экспедициясын жетектеп, 1929-ж. Минусин ойдуңунун археологиялык эстеликтеринин классификациялоо иштерин аткарган. Натыйжада, илимпоз тарабынан Минусин ойдуңунун археологиялык маданияттарынын (афанасьев, андронов, карасук, тагар маданияттары) классификациялык системасы түзүлгөн. С.А.Теплоухов Минусин аймагынан андронов (андроново айылы, Ачинск жергеси) маданиятын ачкан окумуштуу. 1920-ж. археология илими коммунисттер (НКВД) тарабынан буржуазиялык илим деп табылып, 1933-ж. 26-ноябрда С.А.Теплоухов “слвянчы – улутчулдар партиясысынын” өкүлү деген жалаа менен камалат. 1934-ж.10-мартта түрмө камерасында өзүн-өзү асып өлтүрөт. 1958-кайрадан акталган.

Негизги эмгектери түзөтүү

  • Древние погребения в Минусинском крае // Материалы по этнографии. ТЛИ, вып. 2. Издание Государственного Русского музея. Л., 1927;
  • Опыт классификации древних металлических культур Минусинского края: (В кр. изложении) // Материалы по этнографии. 1929. Т. 4, вып. 2. С. 41-62
  • Опыт классификации древних металлических культур Минусинского края // Антология советской археологии (1917-1933). М., 1995, т. 1.
  • Теплоухов Сергей Александрович
  • Овчинникова Б. Б. У истоков уральской археологии: Теплоуховы
  • Решетов А. М. Интеграция наук в научной деятельности и трудах С. А. Теплоухова
  • Библиография С. А. Теплоухова.
  • Формозов А. А. Археология и идеология (20-30-е годы)

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015