Тепши
Тепши, дагара, илеген, чылапчын, таштек, жам, кош кулак – жыгачтан оюп жасалган чарчы идиш. Арча, өрүк, тыт, бака терек ж. б. оюлуп, чарчы же сүйрү жасалган. Тепшинин оозу кеңирээк жана узунураак, түбү куушураак.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9