Терек-сай айыл аймагы - Чаткал районундагы администрациялык-аймактык бирдик. Борбору - Терек-Сай айылы.

  • Кызыл-Токой, Терек-Сай (Ак-Терек, Ынтымак, Шалдыр, Бузук, Эшалынын кыштоосу,
  • 1-Май участкалары) айылдары карайт.
  • Деңиз деңгээлинен 1610 м бийиктикте, Бишкектен 625 км, облустун борбору Жалал-Абад шаарынан 270 км түндүк-батышында, райондун борбору Каныш-Кыя айылынан 90 км түштүк тарапта жайгашкан.
  • Терек-Сай аймагы 1928-жылга чейин Аксы болуштугуна,
  • 1928-34-жылдары Кызыл-Жар районуна,
  • 1936-жылдан Ала-Бука районунун Өрүктү айылдык кеңешине караган.
  • 1952-жылы Өрүктүдөн бөлүнүп Терек-Сай айылдык кеңеши,
  • 1953-жылы июнь айынан Терек-Сай шаарчалык кеңеши,
  • 1996-жылдан шаарча өкмөтү, 2012-жылдан Терек-Сай айыл аймагы аталат.
  • (төрагалары - У.Боронбаев, Б.Ташполотов, А.Нуралиев, У.Арыкбаева, В.Барханова, А.Низамова, С.Иванов, Сайракан Балтагулова (1976-1988), И.Байымбетов (1993-94), А.Турдалиев, И.Өмүров (1996-98), А.Ташматов (1998-2000), Ш.Айдаров (2001-05), Ж.Эгамбердиева (2005-08), Э.Аликеев (2008-13).

Учурда айыл аймагынын башчысы Б.Турдалиев. Калкы 4189 (903 кожолук), Айыл аймагынын жалпы аянты 16817 га, айдоо жери 131 га (а.и.100 гасы кайрак жер, 31 гасы сугат жер) түзөт. Аймагында 3 орто мектеп (Терек-Сай, А.Чымканаев жана Б.Камчыбеков атындагы, Ак-Терек), 2 маданият үйү, 3 балдар бакчасы, 2 оорукана, 3 ФАП, “Кыргызалтын” ААКнын “Терек-Сай кен башкармалыгы филиалы” иштейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6