Терек суусу, Ак-Талаа району

Терек суусу, Ак-Талаа районуИчки Теңир-Тоодогу суу, Нарындын сол куймасы. Ак-Талаа районун аймагында. Жаман-Тоонун түндүк капталынан агып түшөт. Узундугу 67 км, алабынын аянты 826 км2. Теректин 27 куймасы бар. Кар жана жаан-чачын сууларынан куралат. Кээде кышында соолуп да калат. Алтай дарыяларынын тобуна кирет. Жылдык орточо чыгымы 0,8 м3/сек, модулу 1 л/сек км2. Чыгымы көп жылдар боюнча жана жыл ичинде да кескин өзгөрүүлөргө дуушар болуп турат. Боюнда Терек, Баетов, Үгүт кыштагы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү