Терек суусу, Кара-Кулжа району

Терек суусу, Кара-Кулжа районуКара-Кулжа районун аймагындагы суу. Tap суусунун оң курамы. Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталынан башталат. Узундугу 50 км, алабынын аянты 378 км2. Теректин 40тан ашык куймасы бар; ирилери: Төө-Жайлоо, Буура ж. б. Алабында аянты 23,2 км2ге жеткен 53 мөңгү бар. Жайында кирип, күздө тартылган Тенир-Тоо дарыяларынын тобуна кирет. Кар жана мөңгү сууларынан куралат. Алабынын орточо бийиктиги 3800 м. Жылдык орточо чыгымы 4,5 м3/сек, модулу 11,9 л/сек км2. Эн мол агымы жайдын 1-жарымына туура келет. Өрөөнү жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү