Терим-Төр тоосуТескей Алатоонун түн. тармагы. Каракол ж-а Арашан сууларынын аралыгында 25 кмге чейин созулуп жатат.

Туурасы 6–8 км. Орт. Бийикт. 3000–3500 м, эң бийик жери 4628 м. Кыры негизинен тайпак келип, айрым жерлеринде гана аска-зоокалуу ж-а мөңгүлүү чокулар кездешет. Капталдары кыска ж-а тик; Арашан, Каракол сууларынын капчыгайлары, кокту-колоттору бар. Батыш капталында Алакөл көлү (Каракол суусунун алабы) жайгашкан. Тоо негизинен протерозойдун сланец, кумдук ж. б. тектеринен турат.

Шалбаалуу талаа (2300 м бийиктикке чейин), бийик чөптүү шалбаалуу токой (карагай; 2300–3000 м), субальп ж-а альп шалбаасы, шалбаалуу талаа (3000–3700 м), андан жогору суук чөл ж-а гляциалдык-нивалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2