Терини өндөө - борду бышырып, майдалап сүртүү менен теринин бетин агартуу. Ашаткыга ойдогудай кирген тери балбырап жумшарат. Ийине келген теринин жүн жаккы бетин күбүп, самындап жууйт да, эки кишилеп бучкагынан кармап силкип, күнгө коюп, кайрадан кургатат. Бордоо алдында чебер үчүн омоктуу болушка чийге, таарга, же кийизге терини жайып тазалайт.
Терини сүртүү куралы кол чалгы менен орок болот. Улам терини сүрүп, кайра бор себелеп, кайра сүрүлөт. Акыры териге ак өң сиңет.

Маалыматтын булагы түзөтүү