Терме-Таш тоосуФергана тоо тизмегинин түштүк-батыш тармагы. Сузак районун аймагында. Үрүмбаш жана Кызыл-Суу (Көгарт суусунун он куймалары) сууларынын аралыгында түндүк-чыгыштан түштүк-батышка 27 кмге созулат. Туурасы 5–6 км. Орточо бийиктиги 2300–2700 м, эң бийик жери 2930 м. Кыры тайпак, капталдары негизинен кыска, Үрүмбаш жана Кызыл-Суу капчыгайларына тик түшөт. Силур мезгилинде пайда болгон граптолиттүү жана кремнийлүү сланецтерден кумдук жана астынкы карбондун акиташ, кремнийлүү тектеринен түзүлгөн. Талаа жана шалбаалуу талаа (2500 м бийиктикке чейин), андан жогору шалбаалуу жаңгак токой-бадалдуу ландшафт алкактары басымдуу. Жайыт, чабынды катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү