Термидор төңкөрүшү1794-ж. 27-28-июлда (республикалык календарь боюнча 2-жылдын 9-термидорунда) Франциядагы контрреволюциячыл төңкөрүш.

Анын натыйжасында революциячыл-демократиялык якобчул диктатура кулаган. Термидор төңкөрүшү якобчул диктатуранын ички карама-каршылыктарынын ырбашынан пайда болгон кризистин негизинде чыккан. Якобчулар бурж. революциянын негизги милдетин кыска мөөнөттө чечкени менен жеке менчикке негизделген өндүрүш мамилелерин өзгөрткөн эмес. Ушундан улам ири буржуазия экон. жактан тез күчтөнгөн. Феодализмдин кайра калыбына келтирилиш коркунучу жоюлган соң буржуазия жана оокаттуу дыйкандар революциячыл-демократиялык диктатурадан кутулууга умтулган. Якобчулардын саясатынын кайчылыгы плебейлер менен элет кедейлеринин айрым бөлүктөрүндө нааразылык туудурган. Натыйжада контрреволюциячыл төңкөрүш жеңип, ири буржуазия бийликке келген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.