Терминатор 2: Акыр заман
"Терминатор 2: Акыр заман" (англ. Terminator 2: Judgment Day, орус. Терминатор 2: Судный день, Терминатор 2 же Т2 деген аталыш менен да белгилүү) - 1991-жылы Жеймс Кэмерон тарткан, өндүргөн жана биргелешип жазган америкалык илимий-фантастикалык тасма. Тасмага тартылгандар: Арнолд Шварценеггер, Линда Хамилтон, Роберт Пэтрик жана Эдуард Фөрлиң. Бул 1984-жылкы "Терминатор" тасмасынын уландысы жана "Терминатор" тасмаларынын 2-чыгарылышы. "Терминатор 2" Сара Коннор (Хамилтон) жана анын 10 жашар баласы Жон (Фөрлиң) окуясын улантат. Келечекте машинага каршы туруучу адамзаттын лидери боло турган Жон Коннорду өлтүрүү үчүн жаңы, абдан өнүккөн суюк металдан турган, Т-1000 моделиндеги Терминатор келечектен жөнөтүлөт. Азыраак өнүккөн Терминатор (Шварценеггер) бул жолу Жонду коргоо үчүн жөнөтүлөт.
Терминатор 2: Акыр заман | |
---|---|
Режиссеру | Жеймс Кэмерон |
Продюсер | Жеймс Кэмерон |
Жазуучу |
|
Оператору | Адам Гринберг |
Тартылгандар | |
Музыкасы | Брэд Фидел |
Редактору | |
Жайылтуучу | TriStar Pictures |
Чыккан жылы |
|
Узактыгы | 137 мүн.[1] |
Өлкөсү | АКШ |
Тили | Англис |
Бюджети | $102 млн[2] |
Киреше | $519.8 млн[2] |
Тасма 1991-жылы 3-июлда АКШнын Эгемендүүлүк күнүндө жарыкка чыккан. "Терминатор 2" киносынчылардын элегинен ийгиликтүү өтүп, тасмада визуалдык таасир колдонууну жайылтуу менен ийгиликтүү сатылган. Оскардын "Эң мыкты үн монтажы, үнү, макиажы жана визуалдык таасир" сыйлыктарын утуп алган. 1991-жылдын жана Шварценеггердин карьерасындагы эң көп киреше алып келген тасма "AFI" ж.б. басылмалар тарабынан эң мыкты уруш тасмасы, илимий-фантастикалык тасма жана уланды тасма деп табылган.
Сюжет
түзөтүүТартылгандар
түзөтүүШилтемелер
түзөтүү- ↑ Terminator 2 Judgment Day. British Board of Film Classification. Текшерилген күнү 4 -декабрь (бештин айы) 2013.
- ↑ 2.0 2.1 Terminator 2: Judgment Day (1991). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 30 -сентябрь (аяк оона) 2011.