Терминатор 3: Машиналардын көтөрүлүшү

"Терминатор 3: Машиналардын көтөрүлүшү" (англ. Terminator 3: Rise of the Machines, орус. Терминатор 3: Восстание машин) (Терминатор 3 жана Т3 деп да аталат) 2003-жылы жарык көргөн америкалык илимий фантастикалык тасма. Режиссеру Жонатан Мостоу. Башкы каармандын ролун ойногондор Арнолд Шварцнеггер, Ник Стал, Клэр Дэйнс жана Кристианна Локен. Бул Терминатор сериясындагы "Терминатор 2: Акыр заман" кийин тартылган 3-тасма. Жэймс Кэмерон Терминатор сериясындагы алгачкы эки тасманын сценарийин жазып, өзү режиссер да болгон. Тасманын мазмуну экинчи сериядагы окуялар менен уланат. Скайнет Сара Коннорду уулу төрөлгөнгө чейин жок кыла албай жана Жонду кичинекей кезинде өлтүрө албай калганда башка Терминатор T-Xти "Туруштук берүү уюмунун" мүмкүн болушунча көп аскерин жок кылыш үчүн жөнөтөт. Тасмада Жондун келечектеги жубайы тууралуу баяндалат, бирок Жондун өзү жана анын турган дареги Скайнетке белгисиз бойдон калат. T-X Жонду таап алгандан кийин анын жашоосу коркунучка кептелет.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү