Терминология (термин – жана...логия) – лексиканын бир бөлүгү; терминдердин жыйындысы жана аны изилдөөчү тил илиминин бир бөлүмү. Терминология коомдун, илим менен маданияттын, техниканын өнүгүшүнө байланыштуу калыптанып, андагы ар кандай өзгөрүштөргө, адамдын акылоюнун өнүгүш денгээлине жараша эскилери колдонуудан калып, жаңылары пайда болуп турат. Терминологияда терминдерди тартипке салуу, бир түргө келтирүү сыяктуу лексикографиялык жумуштар аткарылат. Мындай иштердин аткарылышына улуттук жана тармактык Терминология сөздүктөрүн түзүүнүн мааниси чоң. Терминология кадимки жана машина котормонун маселелери, маалымат издөө системаларынын иши, документалистика ж. б. менен байланыштуу. Терминология маселелери боюнча бир нече Эл аралык уюмдар (мисалы, ЮНЕСКО ж. б.) иш жүргүзөт. Кыргызстанда Терминология маселелерин пландуу жана системалуу изилдөө үчүн 1926-ж. эле Билим комиссиясына караштуу атайын терминология комиссиясы түзүлүп, кыргыз терминдеринин системаларын сөздүктөр түрүндө иштеп чыгуу, бир түргө келтирүү, теориясын түзүү боюнча бир топ маанилүү иштер аткарылган жана ар кайсы илим тармактарынан Терминологиялык сөздүктөр жарык көргөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү