Терморецепторлор (анатомияда)

Терморецепторлор (анатомияда) – жаныбар жана кишинин терисинде, дене тканынын терендигинде жайгашкан сезгич нерв клеткалары. Температуранын өзгөрүшүн сезгич жана ал жөнүндө мээге сигнал берет. Муздакты сезүүчү жана ысыкты сезүүчү рецепторлор болуп айырмаланат. Терморецепторлор гомойотермдүү жаныбар менен кишинин денесинин сыртында (тери, тери алдындагы кан тамырлар) жана ички органдарында (дем алуу жолдору, тамак сиңирүү органдары) кездешет. Ошондой эле мээнин айрым бөлүктөрүндө (гипоталамуста), жүлүндө, ретикула формациясында бар экендиги аныкталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү