Термостатмикробиол. лабораторияда сөзсүз колдонуучу жабдыктардын бири. Ал микроорганизмдердин культураларын өстүрүү үчүн белгилуу чекте дайыма бирдей температурадагы шартты түзгөн атайын прибор катары колдонулат. Бактериол. термостат 2 катар беттен турган жука жезден жасалган кутуча. Эки катар дубалчанын ортосундагы боштук дистирленген суу же аба менен толтурулат. Суу атайын автоматташтырылган өчүрүүчү жана күйгүзүүчү элементи бар электр тогу менен жылытылат. Кутучанын ичинде металлдан жасалган торчо текчелер коюлган. Т-та жылуулук сакталыш үчүн асбест жана минералдык кебездер колдонулат. Т-тын үстү жагында термометр жана вентиляция үчүн атайын жылчыкча бар. Т. эки катар эшикчеден турат; ички айнек эшикчесинен культуралардын өсүп өнүгүүсүн байкоо үчүн ылайыкташтырылган. Т-тын кошумча тешикчеси суу куюп туруу үчүн суу ченегич түтүкчө жана терморегулятор коюлган. Т-тын ичин стерилдөө үчүн ар түрдүү суюк дезинфекциялоочу каражаттар (70% - этанол, стерегенол жана башка) колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү