Террамары – Түндүк Италияда табылган коло дооруна (б. з. ч. 2-миң жылдык) таандык археологиялык маданият. Аянты 1-2 га болуп, чакан турак жайлардын урандылары сакталган. Калкы таш жана коло куралдарын колдонуп, дыйканчылык, мал чарбачылык менен кесиптенишкен. Ошондой эле зыгырдын уругу, кийим калдыктары, ийик таштардын табылышы токуучулуктун өнүгө баштаганын далилдейт. Өлүк көмүү салты боюнча мүлктүк жана социалдык теңсиздиктин боло электигин көрсөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү