Теңдеменин сандык чыгарылышы

Теңдеменин сандык чыгарылышы – алгебралык жана трансценденттик тендемелеринин жакындаштырылган чыгарылыштарын табуу. Теңдеменин сандык чыгарылышы теңдемелердин коэффицентеринин жана ага кирген функциялардын маанилери менен арифм. амалдарды аткарууга келтирилип, теңдемелердин чыгарылыштарын мурдатан берилген каалагандай тактыкка чейин табууга мүмкүндүк берет. Математиканын жана анын колдонмолорунун көп сандаган маселелери Теңдеменин сандык чыгарылышына келтирилет. Алгебралык Теңдеменин сандык чыгарылышы төмөнкүдөй этаптарга бөлүнөт: 1) жөнөкөй тамырлуу тендемелерди чыгарууга келтире турган эселүү тамырларды айрым ажыратуу; 2) арасында теңдеменин тамырлары жата турган чектерди аныктоо; 3) тамырларды ажыратуу, б. а. ичинде бир гана тамыр жатуучу аралыктарды көрсөтүү; 4) график же башка ыкма аркылуу тамырдын жакындатылган маанисин болжолдоп аныктоо; 5) тамырды берилген тактыкта эсептөө. Теңдеменин сандык чыгарылышынын кеңири таралган методдору: Ньютон методу, Лобачевский методу, удаалаш жакындатуу методу, катарга ажыратуу методу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү