Теңир-тоо күрөң аюусу
Теңир-тоо күрөң аюусу (Тяньшанский бурый медведь; Ursus arctos isabellinus Horsfield) - сүт эмүүчүлөр классынын жырткычтар түркүмүнүн аюулар тукумунун түрү.
Алп денелүү зор айбан.
Дене узундугу 140 см, салмагы 300 кгга чейин.Бирок мындан да зорлору кезигет. Мисалы, Москва зоопаркындагы мындай күрө аюунун дене узундугу 3 м, ал эми салмагы 700 кгга чейин (2013-жылы) жеткен.
Башы чоң, тумшугу узунураак.Буттары беш манжалуу, күчтүү, тырмактары ичине кирбейт.Куйругу кыска. Жүнү жыш, калы; тиштери чо, жыт билүүсү жакшы өрчүгөн. Башка аюулардан өзгөчөлүгү алдынкы буттарындагы ачык түстөгү узун тырмактары. Аюунун кууту июнь - июль айында башталат. Октябрда чээнге кирет, чээнде 1-2 мамалак (декабрь - январь айларында) тууйт. Мамалактар тез чооюшат.
- Туулгандан баштап күз мезгилине чейин салмагы 25-30 кгга жетет.3 жашта жетилет.
- Республиканын тоолуу аймактарын мекендейт.
- Айрыкча Чаткал, Пскем, Чандалаш, Узун-Акмат, Суусамыр, Түркестан, Алай, Ат-Башы,Борколдой, Ак-Шыйрак, Сары-Жаз кырка тоолорун, Нарын-Тоо, Молдо-Тоо, Талас, Тескей, Күнгөй, Кыргыз Ала-Тоолорун жана Фергана тоо тизмегинде кезигет.
- Ошондой эле Кетмен-Төбө, Сары-Камыш ойдударын, Суусамыр өрөөнүн, Сокөл көлүндө жана республиканын сырттарынын чыгыш чек араларын байырлайт.
- Негизинен тоо капталдарындагы жазы жана ийне жалбырактуу токойлордо, ошондой эле бадалдарда жашайт.
- Мезгилге жараша тоо этегинен мөгүлөргө чейин вертикалдык көчүлөрдү уюштурат.
- Жайында альп алкагына чейин көтөрүлөт да, кышкы мезгилде орто бийиктиктерге түшүп, ченинде кыштайт.
- Тоют жокто жана алардын куугунтуктоодо кескин чо көчүлөрдү уюштурат.
- Республикага салыштырмалуу Чаткал кырка тоосунун жагак токойлорунда, Узун-Акмат жана Чычкан капчыгайларында көбүрөөк саны кезигет.
- 1963-жылдан Беш-Арал жана Сары-Челек коруктарынын чегинде коргоолуп,
- 1975-жылдан Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине катталган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүЧаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6