Тигүү машинасы – тигилүүчү буюмдардын бөлүктөрүн тигүү жана жасалгалоо ыкмасы менен бириктирүүчү түзүлүш. Тигүү машинасы жеңил өнөр-жайынын кийим, бут кийим тигүү ж. б. тармактарында, ошондой эле үй тиричилигинде колдонулат. Тигүү машинасы 18-кылымдын 2-жарымында пайда болгон. 1814-ж. австриялык тигүүчү Йозеф Мадерспергер учу көздүү ийнени ойлоп чыгарган. 1845-ж. АКШда Э. Хоу чөлмөктүү (чүмөктүү) машинаны түзгөн. Аткарган иши боюнча Тигүү машинасы тигүүчү, жөрмөп тигүүчү, топчу кадоочу, сайма саюучу ж. б. болуп бөлүнөт. Анын универсал жана атайын түрлөрү да бар. Тигиштеги жиптин айкалышына жараша Тигүү машинасы чөлмөктүү тигүүчү жана тизмектүү тигүүчү болуп айырмаланат. Чөлмөктүү тигүүчү бир ийнелүү универсал Тигүү машинасы кеңири таралган. Ал ийне, жип тарткыч, чөлмөк жана кездеме жылдыргыч механизмдерден турат. Тигүү машинасына алмаштырылма кошумча жабдууларды орноткондо сайма саюуга, бүчүлүк тордоого ж. б. болот. Тигүү машинасынын констр-сы жылдан жылга татаалданып, ылдамдыгы тездетилүүдө. Тигүү машинасынын: механикалык (кол же бут менен иштетилет), электр механикалык (электр кыймылдаткычтуу), микропроцессор менен башкарылуучу (компьютер машинасы) түрлөрү бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү