Тизеде күрөшүшүү
Шарттары
түзөтүүОюнчулардын саны 2—10 киши.
Оюн көк шибер өскөн жерде өткөрүлөт.
Оюнга даярдануу
түзөтүүОюнчулар экиден болуп турушуп, тизелеринде, бирин бири карашып турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны
түзөтүүОюнчулар тизелеринде турушуп, бир-бирин белбоолорунан кармашышын, күрөштүн ыкмаларын колдонушуп далыларына жыгылттышканы аракеттенишет. Оюнчулар бир бирин далыларына жыгылтышкандан кийин, атаандаштары менен алмашышып, күрөшүүнү каалашкан убакытка чейин улантышат. Кеп атаандаштарын жыгыткан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.
Оюндун эрежеси
түзөтүүБуттарына туруп күрөшүүгө, бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, кол-буттарды кайрууга, урууга, тебүүгө, чурулдоого болбойт.
Оюнга педагогикалык мааниси
түзөтүүОюнда күч, ийилчээктик, шамдагайлыкка тарбияланат, чечкиндүүлүккө, күрөштүн ыкмаларын үйрөтөт.