Тиксотропия (грек тилинен thixis - чайкоо, trope - өзгөрүү, бурулуу) – изотермикалык шартта, механикалык таасир астында, полимердик жана дисперстик системалар физика-механикалык касиеттеринин кайталанма өзгөрүүсү. Ал суюк чөйрө үчүн агуу учурунда илээшкектик азайышында жана анын агып бүткөндөн кийин акырындык менен илээшкектик жогорулашында; илээшкек пластикалык чөйрө үчүн – деформация учурунда катуулук чегинин азайышында (агуу чеги) жана тынымдан кийин анын баштапкы абалына келишинде байкалат. Т. материалдар структурасынын кайталанма өзгөрүшү менен шартталган. Практикада мааниси чоң. Т. касиетке: курулуш эритмелери, лак-боек материалдары, консистенттик майлоочу каражаттар, көптөгөн тамак-аш продуктулары ээ.

Колдонулган адабияттар түзөтүү