Тил алдыңкы дого (arcus hypoglossus) – омурткалуулардын баш сөөгүнө кирүүчү висцералдык догонун бир элементи. Бул догого эки чоң кемирчектүү элементтер кирет - гиомандибуляр же асма сөөк жана гиоид же тил алдыңкы кемирчек. Бир элементи - асма сөөк баш кутучанын угузгуч бөлүмүнө бекип висцералдык скелет менен баш сөөктүү бириктиргич катары функцияны аткарат (гиостилдик типтеги бекүү - көпчүлүк кемирчектүү жана сөөктүү балыктарда кездешет).

Колдонулган адабияттар түзөтүү