Тил жана адабият институту

Тил жана адабият институту Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын — республикадагы илимий мекемелердин бири. 1936-ж. май айында негизделген. Алгач Кыргыз тили менен жазуусунун илим изилдөө институту деп аталган, 1943 — 54-жылдарда Тил, адабият жана тарых институту болгон. 1954-ж. Кыргыз ССР Илимдер академиясынын ачылышы менен Тарых институту өзүнчө бөлүнүп кетип, Тил жана адабият институту деп аталган, Институтта бир нече бөлүм, чет тилдер кафедрасы, эксперименттик лингвистикалык лабораториясы бар (1991). Институтта төмөнкүдөй проблемалар боюнча илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт: кыргыз тилинин өнүгүшүнүн жана жашап турушунун мыйзам ченемдүүлүктөрү, анын фонетикалык жана грамматикалык түзүлүшү, сөз маданияты жана тилдин стилистикасы, кыргыз тилинин салыштырма жана тарыхый аспектилери, диалектология жана лексикография, кыргыз адабиятынын өсүш тарыхы, калыптанышы, улуттук адабияттын башка элдердин адабияттары менен карым-катышы, байланышы, текстология, фольклордук чыгармаларды үйрөнүү жана жарыялоо, учурдагы кыргыз совет адабиятынын өнүгүш тенденциялары, көркөм котормонун маселелери, "Манас" эпосун изилдөө, үйрөнүү жана жарыялоо.

Институт уюшулгандан тартып эле улуу эпосту "Манасты" жыйноого активдүү киришкен. Институттун тутумунда атайын сектор иштеп (к. "Манас" бөлүмү), эпос боюнча ар тараптуу илимий изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Манас-таануу илиминин калыптанышына институттун кызматкерлери зор салым кошушкан (к. Манас-таануу, "Манасты" жыйноо, "Манасты" бастыруу, "Манасты" изилдөө). 1992-жылдан Институт "Тил" жана "Адабият" жана Искусство" болуп экиге бөлүнүп кеткен.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4