Тил жана ойлоо – тил илиминдеги татаал жана талаш маселе. Ойлоо аркылуу Тил чындык менен байланышып, ажырагыс биримдикти түзөт. Айтылган ойду туюнтуу, кабарлоо, б. a. Тил сүйлөшүүнүн негизги каражаты катары кызмат кылат. Тил жана Ойлоо тике байланышат. Тилдик бирдиктер (сөз, сүйлөм) Ойлоо категорияларын (ой чабыты, түшүнүк) калыптандырат жана туюнтат. Тил жана Ойлоонун катышы ар кандай көз карашта түрдүүчө чечмеленет. Алардын негизгилери экөө: I) адам баласынын Ойлоосу Тил аркылуу ишке ашат, анткени Ойлоонун абстрактуу категориялары менен түшүнүктөрү Тил аркылуу гана туюнтулушу мүмкүн; 2) Тилдик Ойлоо – адам баласынын Ойлоо типтеринин эң негизгиси, бирок ал жалгыз эмес, башка типтер менен чогуу жашайт (мисалы, сүрөтчү, композитор, тогуз коргоолчу, математик, уста, уз ж. б.). Тил жана Ойлоонун тике, ошол эле учурда Тил менен чындыктын Ойлоо аркылуу кыйыр байланышы Тилди пикир алышуунун универсал каражатына айлантат, Тил аркылуу болгон чындыкты, болуп жаткан, боло турган же такыр эле болбогон нерселер жөнүндө кабарлоо жагы камсыз кылынат. Тилдеги абстрактуу түшүнүктөрдү билдирген эки жактуу белгилер аркылуу адам баласынын чындык жөнүндөгү билими, аң-сезими калыптанып, тартипке келет. Ал Тилдин кызматы аркылуу чындыкты чагылдырат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү