Тимол
'Тимол, 2' изопропил-5-метилфенол — өзгөчө жыттуу, сууда эрибеген, орг. эриткичтерде эрүүчү түссүз кристалл. Балкып эрүү t 51,5°С, кайноо t 232,9°С. Т. фенолдор бардык реакциясы мүнөздүү. Ал кээ бир эфир майларында кездешет. Т. өндүрүштө пропиленге СН3-СН=СН2 м-крезолду СН3-С6Н4ОН кошуу менен алышат. Т. ментол, кээ бир химиялык индикаторду алууда сырьё катары, ошондой эле медицинада колдонулат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6