Тимурийлер мамлекети 1370–1507-ж. Мавераннахр, Хорезм, Хоросанды камтыган дөөлөт. Аксак Темир Көрөгөн негиздеген. 1407–47-ж. Тимурийлер менен Тимурдун уулу Шахрух (1377–1447) бийлеп турган. Анын бай тактысы Герат шаарында болгон. Шахрухтун уулу Улугбекти Самаркандын башкаруучусу кылып дайындалган. Иш жүзүндө Самаркан Шахрухка көзкарандысыз өз алдынча мамлекет болгон. 1447-ж. Шахрух өлгөндөн кийин Улугбек бүт өлкөнү башкарып калган. 1469–1506-ж. өлкөнү Султан-Хусейин бийлеп турган мезгилде Гераттын маданияты абдан өнүккөн. Султан-Хусейндин 1507-ж. уулдары Бади-аз-Заман жана Музаффар-Хусейндин тушунда өлкөнү Шейбани хан жетектеген көчмөн өзбектер каратып алган.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.