Типаса
Типаса – Алжирдеги байыркы шаар, Типаса провинциясынын административдик борбору. Жер ортолук деңиз жээгинде. Шаар финикиялыктар тарабынан б. з. ч. 6-кылымда, азыркы шаар 1857-ж. негизделген. Финикия, Байыркы Рим, баштапкы христиан, Византия тарыхый эстеликтери, Мавритания падышаларынын күмбөзү ж. б. бар. 1982-ж. Вүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9