Типология (тип жана ...логия) – 1) нерселерди, кубулуштарды жалпыланган моделдин же типтин жардамы менен топторго бөлүүгө негизделген илимий таанымдын ыгы. Типология жанаша же ар башка жашаган нерселердин белгилерин, байланыштарын, кызматын, мамилелерин, түзүлүшүн салыштырып изилдөө үчүн колдонулат. 2) Типологиялык изилдөөнүн натыйжасы. Типология маселеси илимдердж. б.) тармагында кезигет.

Типология изилденип жаткан системанын түзүлүшүн ачык, закон ченемин аныктап, белгисиз нерселер жөнүндө алдын ала айтууга мүмкүндүк берет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.