Тирада - көтөрүңкү кыраат менен айтылган сөздүн бөлүгү. Тирада каармандын толкундуу сезимин берүүдө колдонулат.

Маселен, «Биздин замандын кишилери» романынын жыйынтыгындагы Шамбеттин төмөнкү сөздөрү: “Бах! Жыргал үчүн эмгек кандай кызып баратат! Неге ачуу бомбалар аянттарда жарылат. Неге акылдан чыккан сонун табылга – атом адам баласын коркутат. Неге ал ажыдаардай ышкырынып, шаар үстүн түнөртүүгө жумшалат. Анткенде ата, эне, катын, бала жашын төгөт. Аны ойлоп тапкан окумуштуулар, көз жашы деңизге чөгөр. Ал атомдор дүйнөнү гүлдөтүп жыргал үчүн жумшалса, аны ойлоп тапкан окумуштуулар жанагы адам баласын таң калтырган мунарага чыгышар. Алкыш алышар, бизден алар алкыш алышар, неберелерден алышар!”

Тирада кыргыз эпостору, айрыкча «Манас» трилогиясы үчүн айрыкча мүнөздүү. Маселен, Алмамбеттин чоң чабуулдун алдындагы Чубак менен айтыша кеткендеги тирадасы. «Каныбек» романында, «Каныбек» пьесасында тирада-монологдор көп кездешет.

Маселен, «Каныбек» романындагы Дарияхандын сүйүү, уйку ж. б. жөнүндөгү тирада-монологу төмөнкүчө:

«Уйку - кумар, кимди болсо учурунда дегдетет, Уйку – бешик, кимди болсо кучагына алып терметет. Уйку – өлүк, бир жүрөктү бир жүрөккө сездирбейт». (К. Жантөшев. «Каныбек», II китеп).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004