Тиричилик философиясы - болмуштагы бардык нерсени тиричиликтин көрүнүшү катары караган субъективдүү идеалисттик философиялык багыт.

Ал 19-20-кылымдардын чегинде Германияда жана Францияда калыптанып, ага А. Шопенгауэр чыйыр салган. Бул багыттын пайда болушу дүйнөнү механисттик сүрөттөөнүн жарамсыздыгын айкындаган биол., псих. ж. б. илимдердин ыкчам өнүгүшүнө байланышкан.

Тиричилик философиясы бурж. философиядагы кризистин, анын илимди чанып, иррационализмге жана нигилизмге өтүшүнүн белгиси болгон. Тиричилик философиясынын объективдүү маңызы - коомдук-тарыхый процесстин өзгөчөлүгүн бузуп, идеалистче түшүндүрүү. Бул багыттын борборунда дүйнөнүн чексиз башталмасы катары тиричилик түшүнүгү турат. Ал материя жана аң-сезимден айырмаланып, активдүү, көп кырдуу, түбөлүк кыймылда имиш. Тиричиликти сезим же акыл-эс менен таанып-билүү мүмкүн эмес, ал интуиция менен гана түшүнүлөт.

Тиричилик философиясын негизги эки топко жиктөөгө болот: биринчи топ (Бергсон ж. б.) тиричиликти биол. мааниде түшүнүп, биол. касиеттерди бүт болмушка жапылткан; экинчи топ (Ф. Ницше, В. Дильтей, Г. Зиммель) тиричиликти эрк, ички ой толгоо, духовный күчтөрдүн иррационалдуу оюну катары түшүнгөн.

Тиричилик философиясынын башкы идеялары экзистенциализмге идеялык булак болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.