Тиролит (Тироль облусунун атынан, Австрия) – минерал, кальций менен жездин суулуу, гидроксилдүү арсенат-карбонаты Ca2Cu2(As4)4(C03)- •(ОН)8’11Н20. Кошундулары: Ы, О. Өнү: жашыл, жашгылт көк, көк. Тунук, айнектей жылтырайт. Тыгыздыгы 3-3,2 г/см3, катуулугу 2, бычак менен оңой кесилет, морт. Кислотада жана аммиакта эрийт. Тиролит – жез кенинин кычкылдануусу учурунда гипергенез зонасында 2-ирет пайда болгон минерал. Ал халькофиллит, азурит, болшантит, малахит ж. б. менен кездешет. Ири агрегаттары АКШда, Австрияда, Германияда жана Словакияда табылган. Кыргызстанда Айдаркен сымап кенинде кездешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү