Тирсо де Молина [өз аты – Габриель Тельес; (25. 3.1579, Мадрид – 13. 3.1648, Альмасан, Сория провинциясы, Испания] – испан драматургу. Ренессанс драмасынын эстетикалык принциптерин барокко маанайы менен айкалыштырган. Тарыхый («Аялдын акылмандыгы», 1634) пьеса, комедия («Дон Хиль Жашыл шым», 1635; «Такыба Марта», 1636), диний-филос. драмаларды («Динге чала ишенгендиктен куугунтукталган», 1634) жазган. «Севильялык тентек же Таш конок» (1630) деген драмасын Дон Жуан жөнүндөгү легенданын негизинде алгачкы жолу иштеп чыккан. Чыг.: Комедии. Т. 1-2 М., 1969; Толедские виллы. М„ 1972.

Колдонулган адабияттар түзөтүү