Титикака (исп. Titicaca; жергиликтүү индей тилинде тити – пума (алардын ыйык туткан жаныбары) жана кака – аска) – Перу менен Боливиянын чек арасындагы көл. Борбордук Анд тоолорунда жайгашкан. Жер шарындагы бийик тоо (деңиз деңгээлинен бийиктиги 3812 м) көлдөрүнүн эн ириси. Тектоникалык кыймылдан пайда болгон. Аянты 8,3 миң км2. Орточо терендиги 140-180 м, эң терең жери 304 м. Суусунун орточо температурасы 10-12°С. Жээги булуң-буйткалуу, тик. 300дөй дарыя куюп (ириси Рамис), Десагуадеро дарыясы агып чыгат. Ал Поопо көлүнө куят. Туздуулугу 1%о. Кеме жүрөт. Жээгинде жана майда аралдарында аймара жана кечуа элдери жашайт. Ири шаары жана порту – Пуно (Перу). Түштүк-чыгыш жээгинде жана аралдарында байыркы индей маданиятынын эстеликтери сакталган. Уламышта суунун астында Ванаку шаары калган деп айтылат.

Титикака.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү