Титов, Андрей Алексеевич

Титов Андрей Алексеевич (1905, Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы — 1981, ошол эле жер) — Советтер Союзунун Баатыры (15.1.1944), гвардиянын ефрейтору.
Советтик Армияга 1942-ж. октябрдан чакырылган. 60-гвардиялык кавалериялык полкунун (Борбордук фронт, 61-армия, 7-гвардиялык кавалериялык корпус, 16-гвардиялык кавалериялык дивизия) танкка каршы куралынын наводчиги.
1943-ж. биринчилерден болуп Днепр дарыясынан Брагинск району(Гомель облусу) тушта өткөн. Вяле хутору үчүн салгылашта 3 пулемёт очогун, 1943-ж. 30-сентябрда Галки айлында 2 танкты жана өзү жүрүүчү замбиректи кыйраткан.
1945-ж. өзү туулган айылга келип, колхоз башкармасынын төрагасы болуп иштеген.
Ленин, 1- жана 2-даражадагы Улуу Ата Мекендик Согуш, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Титов Андрей Алексеевич

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.