Тишсиздер (лат. Anodonta) – тузсуз сууда жашоочу кош капкалуу моллюскалар уруусу. Раковинасы жука. Узундугу 20 см ге чейин, ичинде седеп бар. Тиши жок (аты ошондон). Айрым жыныстуу, гермафродит популяциясы да кезигет. Уруктанган жумурткасын бакалоорунда алып жүрүп, андан глохидия (личинкасы) чыгат. Энесинин денесинен чыккан глохидиялар бир аз убакыт сууда калкып жүрүп, андан кийин балыктын сыртына же бакалооруна жармашып, чоңойгонго чейин мите тиричилигин өткөрөт. Евразияда, Сибирде 15тен, КМШ өлкөлөрүндө 10 түрү кезигет. Көлмөлөрдө же жай аккан сууларда же кумдуу топуракта жөргөлөп жашайт. Личинкалары балыктарга жем, эти менен раковинасы малга тоют.

Anodonta anatina.

Колдонулган адабияттар түзөтүү